«Атагын көрчү тарыхтан, асыл жан элең даанышман» аттуу адабий-музыкалуу кече

2018-12-18 10:54:36 270

10-декабрда финансы-юридикалык коллежинде ааламдын алп жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чараларды жыйынтыктап, «Атагын көрчү тарыхтан, асыл жан элең даанышман» аттуу адабий-музыкалуу кече өткөрүлдү. Кечеде ФЮКтун таланттуу студенттери чыгаан жазуучубуздун “Делбирим” повестин толук сахналаштырып аткарып беришти. Айрыкча, Илиястын ролун БДК-1-17 тайпасынын студенти Уланбий уулу Айбек жана Кадичанын ролун Махаматжан кызы Мугира ийнине келтире аткарып беришти. Мындан сырткары “Айтматовдун каармандары” сүйлөп беришти. Жазуучунун чыгармалары боюнча жазылган ырлар: “Илиястын ыры”, “Махабат дастаны” ж.б. ырдалды. Жыйынтыгында, кече жогорку деңгээлде өттү. ЭлТР телеканалынын журналисттери келип, кеченин жүрүшүн тартып, ФЮКтун директору доцент Т.Акматовадан жана ЖББДнин тилдер кафедрасынын кафедра башчысынын милдетин аткаруучу улук окутуучу Г.Төлөновадан интервью алышты жана 12-декабрда кечки саат 21:20да ЭлТРдин “Илим-билим” көрсөтүүсүнөн көрсөтүштү. Кечени даярдаган окутуучулар – Бекмуратова Рахат, Иметова Жаркын, Төлөнова Гүлзат.