Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы

2014-09-20 11:41:38 282

ОшМУнун Финансы юридикалык коллежинин Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы тарабынан тарбиялык багыттагы “Жаш муундарды билимге, рухий адептүүлүккө жана патриоттуулукка тарбиялоо” деген темадагы иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага ФЮКтун директору, доцент Т. А. Акматова, Теология илимдеринин доктору, Ош областынын мусулмандарынын казысы Ниязалы ажы Арипов, ФЮКтун Укук таануу кафедрасынын окутуучусу Рахматулла ажы Басиров, ФЮКтун окуу иштери боюнча директордун орун басары – Н.Исаков, ФЮКтун тарбиялык иштери боюнча директордун орун басары К.Ашимов, Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасынын доценти, иш чаранын уюштуруучусу Т. Атантаев жана кафедра башчы К.Исаков жалпы окутуучулар, 2 жана 3 курстардын студенттери катышты. Иш-чараны Т.А.Акматова ачып берди. Сөзгө чыккан Теология илимдеринин доктору, Ош областынын мусулмандарынын казысы Ниязалы ажы Арипов студенттерге илим менен ыймандын айкалышында жакшы тарбиялык сөздөрүн айтты. Ошондой эле Рахматулла ажы Басировда студенттерге илимий, диний, тарбиялык жакшы маалыматтарды берди.. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, так жоопторду, ар тараптан пайдалуу маалыматтарды ала алышты.