Кыргызстандагы орто кесиптик экономикалык билим берүү окуу жайларынын ассоциациясы түзүлдү.

2019-02-19 11:26:48 338

p> 16-февраль күнү Финансы-юридикалык колледжинде Аймактык студенттик олимпиаданы уюштуруу жана Кыргызстандагы орто кесиптик экономикалык билим берүү окуу жайларынын Ассоциациясын түзүү боюнча кеңешме болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө ЖОЖго чейинки билим берүү департаментинин директору б.и.к., доцент Т.К. Эркебаев Кыргызстандагы орто кесиптик экономикалык билим берүү окуу жайларынын Ассоциациясын түзүүнүн зарылдыгы, максаттары жана перспективалары боюча баяндама, ФЮКтун директору п.и.к., доцент Т.А. Акматова Университеттин тарыхы, ОшМУнун 80 жылдыгына карата иш-чаралар, ФЮКтун жетишкендиктери ж.б. боюнча баяндама, ФжБИ кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Н.Ж.Исаков “Кыргызстандагы орто кесиптик экономикалык билим берүүдөгү көйгөйлөр жана сапатты камсыздоо саясаты”баяндама, ФжБИ кафедрасынын доценти, э.и.к. Асилбек к Жыпара Аймактык студенттик олимпиаданын Жобосун презентация, БЭжС кафедрасынын башчысы ага окутуучу К.А. Исаков Ассоциациянын Уставы боюнча презентация жасады. Түшкө чейинки жыйында Ассоциациянын уставы, төрагасы, катчысы, ревизору дайындалып, ага мүчө болгон окуу жайлардын директорлорун башкы корпуста ОшМУнун ректору кабыл алып Ассоциациянын иштерине ийгиликтерди каалады. Түштөн кийин олимпиаданын Жобосу талкууланып бекитилди жана олимпиаданы уюштуруу комитети дайындалды. Андан соң олимпиаданын өткөрүү тартибин практика жүзүндө көрсөтүү максатында, келген 20 предметтик окутуучуга логин берилип тесттен өтүштү. Жыйынтыгында келген коноктор иш-чараларды демилге кылган ОшМУнун жетекчилигине, ФЮКтун дирекциясына ыраазычылык билдиришти. Ассоциациянын макулдашуу Меморандумуна 14 кесиптик окуу жайдын директорлору кол коюшту. Алар: 1. ОшМУнун Финансы- юридикалык колледжи; 2. Ош-соода экономикалык колледжи 3. ОГПИнин Коледжи; 4. ОшКУнун Социалдык колледжи; 5. ОшТУнун Технологиялык колледжи; 6. НМУнун Агрардык-экономикалык колледжи 7. БатМУнун Кызыл-Кыя көп тармактуу институту; 8. БатМУнун Көп тармактуу колледжи; 9. БатМУнун Сүлүктү аймактык институту; 10. ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи; 11. ЖАМУнун Аксы колледжи; 12. К.Токтомаматов атындагы ЭАУнин Гуманитардык-экономикалык колледжи; 13. Жалал-Абад Укук, бизнес, билим берүү колледжи; 14. ОшКУнун Ала-Бука колледжи