ФЮКтагы “Ийгиликтүү долбоор –учурдун талабы” иш-чарасы

2019-03-15 14:44:03 319

2019-жылдын 15-мартында ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинде “Ийгиликтүү долбоор –учурдун талабы” аттуу чон иш-чара болуп өттү. Иш-чара ФЮКтун Эл Аралык Байланыштары боюнча директордун орун басары Райимбердиева Жаннаттын уюштуруусу жана ФЮКтун директору Т.Акматованын колдоосу менен өттү. Анда, долбоор кандай жазылат, анын структурасы жана канткенде ийгиликтүү долбоор жаза алабыз?- деген суроолорго келген адистерден жооп ала алдык. Иш-чарага чакырылган меймандар: 1. ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Шеранова Нуржамал; 2. ОшМУнун дүйнөлүк тилдер факультетинин улук окутуучусу Койлубаева Бурулча Кожоновна; 3. Ош облусунун “Арис” программасынын мал чарбасын жана базарды өнүктүрүү боюнча эксперти Сатарова Айгүл Анарбаевна. Жыйынтыгында, окутуучулар жана студенттер долбоорлор менен иштөө жолдору боюнча кенен маалымат алышып, келген адистер менен келечекте тыгыз байланышта иштөө чечимин кабыл алышты.