Жогорку Кенешке саякат

2019-03-25 13:04:15 312

“Инсан таануу” коомдук бирикмесинин уюштуруусу менен ФЮКтун 25 студенти 19-20-март күндөрү Бишкек шаарындагы АУЦА, КМЮА, Ата-Түрк Ала-Тоо жогорку окуу жайларына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тажрыйба топтоо, келечекке багыт алуу максатында барып келишти. КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиеванын жана депутат, “Бир-бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун кабыл алуусунда болушуп, бир топ суроолоруна жооп алышты. “Инсан Таануу” коомдук бирикмесинин төрагасы Э.Шерматовго жана жалпы мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдиребиз.