Президенттик стипендиат менен болгон жолугушуу.

2019-04-16 09:44:14 327

28-мартта ФЮКта Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына карата “Yлгүлүү студент” долбоору старт алды. Долбоордун алгачкы каарманы КРнын Президентинин стипендиясынын ээси, Тарых факультетинин 4-курсунун студенти Мадина Сүйүнбаева болду. Иш-чаранын башында Мадина Сүйүнбаева тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, педагогика илимдеринин доктору, профессор Бүшарипа Yкүева сөз сүйлөдү. Андан соң студенттерден суроолор берилип, иш-чара жемиштүү өттү. Иш-чара ФЮКтун II-курсунун студенти Исхак Эгемназаровдун демилгеси менен өттү. Бул мезгилге чейин, Исхак Эгемназаров “Yлгүлүү устат” долбоорун бир нече коллеждерде аткарып, Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына арналган иш-чараларды алгачкылардан болуп уюштуруп келүүдө.