2019-04-20 11:33:05 311

ОшМУнун 80 жылдык мааракесине карата 2019-окуу жылынын 5-апрель күнү Финансы-юридикалык колледжинде “Финасы жана банк иши” жана “Бухгалтердик эсеп жана салык” кафедралары тарабынан уюштурулган “Орто кесиптик окуу жайларынын экономика багытындагы студенттик олимпиадасы” болуп өттү. Олимпиада “Бухгалтердик эсептин негиздери” жана “Макроэкономика жана микроэкономика” дисциплиналарынан болуп, жалпысынан 15 колледжден 76 студент катышышты. Аймактардан келген студенттер жана алардын окутуучулары жатакана, бир күндүк түштөнүүлөрү университет тарабынан каржыланды. Олимпиада концерттик программа менен коштолуп, жеңүүчүлөр дипломдор жана белектер менен сыйланышты. Ошондой эле кийинки орто кесиптик окуу жайларынын экономика багытындагы олимпиаданы 2019-2020-окуу жылында өткөрүү кезегин ЖАМУнун Жалал- Абад колледжи алды.