Квалификациялык практика

2019-04-20 11:45:04 296

Финансы-юридикалык колледждин 3- курсунун студенттери окуу планына ылайык 2019-жылдын 8- апрелинен 18- майына чейин квалификациялык практикага чыгышат. “Финансы жана банк иши ” кафедрасынын окутуучулары практика боюнча жетекчилер Исаков Н., Асилбек кызы Ж., Каримова Г., Муратова Ч., Чыналиева М., Тойчубекова Г., Студенттерди Квалификациялык практикага жөнөтүү боюнча конференция 2019-жылдын 4-апрелинде 214-аудирторияда болду. Конференцияда квалификациялык практиканын күндөлүгүн электрондук варианты менен тааныштырып, толтуруу эрежелерине түшүндүрмө берилди. Ошондой эле практика жеринен окуу-усулдук жардам берүү жана текшерүү максатында иш жерине барууларын билдиришти.