«Байыркы Ош-цивилизациянын чордонунда» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция».

2019-04-26 16:19:30 342

20-апрель күнү Ош мамлекеттик университетинде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий долбоорунун алкагында «Байыркы Ош-цивилизациянын чордонунда» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга Финансы-юридикалык коллежинен: директор, п.и.к., доцент Тамара Акматова, педагогика илимдеринин доктору, профессор Бүшарипа Yкүева, доцент Бүаида Абдувалиева, б.и.к., доцент Гүлмира Садыкова, ф.м.и.к., доцент Гүлжамал Калдыбаева жана бир нече окутуучулар жамааты, студенттер катышышты. Конференциядан сон, «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий долбооруна да биздин жамаат активдүү катышып, Алымбек Датка этнографиялык багындагы этно-маданий фестивальга да күбө болушту.