“ Манасчылар жана манасчылык өнөр ” деген темадагы ачык сабак

2019-04-26 16:41:43 357

Бүгүн 26-апрель күнү ФЮКтун ЖББДнин тилдер кафедрасынын улук окутуучусу Г.Б.Төлөнова “Манасчылар жана манасчылык өнөр” деген темада ЭБР-3-17 тайпасына ачык сабак өттү. Сабак усулдук-дидактикалык материалдар менен кеңири камсыз болду.Сабакта СОнун стратегиялары: мозаика,синквейн,Венндин диаграммасы, класстер, топто иштөө пайдаланылды.Сабактын максаттары жана күтүлүүчү натыйжалары студенттер тарабынан аныкталды.Темага чакыруу максатында манасчылардын үч муунунун айтуусундагы видеоматериал көрсөтүлдү. Студенттер төрт топ менен иштеп, ар бир топ ар түрдүү тапшырма менен презентация жасашты.Сабакты жыйынтыктоодо манасчылык өнөрдүн сыры тууралуу аудиоматериал уктурулду. Студенттер сабакка активдүү катышып, сабак жандуу өттү жана максатына жетти. Ачык сабакка п.и.д.проф.Б.Үкүева, ф.м.и.к.доцент Г.Калдыбаева, соц.и.к. Г.Түмөнбаева, окутуучулар Р.Бекмуратова, К.Жунусова, Б.Давлятова, А.Маликов, Чынберди кызы А.катышышты. Сабактан соң, өтүлгөн сабак боюнча окутуучулар анализ беришип, улук окутуучу Г.Б.Төлөновага өз пикирлерин айтышып, сабак эң жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилешип, чыгармачылык ийгилик каалашты.