Илимий-техникалык прогресс жана биз

2019-04-27 10:53:15 279

2019-жылдын 25-апрель күнү Финансы-юридикалык колледжинин 80 жылдык маарекесине карата өткөрүлүп жаткан илимий жумалыктын ФМИ кафедрасы тарабынан уюштурулган кезектеги салтанаты болуп өттү. Анда мугалимдер жана студенттер тарабынан математика жана физика илимдеринин бүгүнкү күндөгү жетишкендиктерин даңазалаган кызыктуу докладдар окулду. Андан сырткары физика окутуучусу Кожобекова Уулжандын жетекчилиги менен жаш изденүүчү студенттердин өз колдору менен жасалган эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулду. Илимдин жетишкендиктерин чагылдырган дубал газеталар чыгарылды. Муну менен окуу жайдагы илимге кызыккан жаш талаттардын чыгармачылык жолунун андан ары дагы уланышына өбөлгө түзүлдү.