“Аймактарды өнүктүрүүдө Ош МУнун жана орто кесиптик адистиктердин орду” жана “ОшМУ-билим бешигим”

2019-05-02 15:26:53 269

2019-жылдын 26-апрель күнү Финансы-юридикалык колледждин илимий жумалыгынын алкагында Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы жана Финансы жана банк иши кафедрасы “ Аймактарды өнүктүрүүдө Ош Мунун жана орто кесиптик адистиктердин орду ” жана “ОшМУ-билим бешигим” аттуу илимий конференцияны 2 кафедра биргеликте өткөрүштү. Илимий конференцияны алгач ФЮКтун директору, доцент Т.Акматова ачып берди. Бухгалтердик эсеп жана салык кафедра башчысы, ага окутуучу К.Исаков “Ишканадагы негизги каражаттардын эсебин жана анализин өркүндөтүү” деген диссертациялык темасы боюнча баяндап өттү. Ошондой эле кафедранын окутуучусу Н.Баетова “Аймактарды өнүктүрүүдөгү жана санариптештирүүдөгү ОшМУнун орду” деген темада доклад окуду. Мындан сырткары студенттер да илимий темага байланышкан докладдарды окуп, слайддарды көрсөтүштү. Илимий конференцияга бүтүрүүчүлөр да чакырылып, студенттер менен маек болду. Жалпысынан илимий конференция жогорку деңгээлде өткөрүлүп, конференцияга активдүү катышкан студенттер грамота менен сыйланышты.