«YЛГYЛYY СТУДЕНТ» долбоорунун кезектеги жолугушуу кечеси болуп өттү.

2019-05-06 14:29:39 269

29-апрелде Финансы-юридикалык коллежинде, Исхак Эгемназаровдун демилгеси менен «YЛГYЛYY СТУДЕНТ» долбоорунун кезектеги жолугушуу кечеси болуп өттү. Кечеге Кыргыз филологиясы, журналистика факультетинин студенти, “Ынтымак” мамлекеттик телерадиокомпаниясынын корреспонденти, “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мимоза Жаныбек кызы катышты. Жолугушуу кечесинин алкагында студенттерге Мимоза Жаныбек кызы тарабынан журналистика, ОшМУнун “Нур” гезити, Yмүт телестудиясы тууралуу маалымат берилди жана кызыктуу суроо-жооп өтүлдү. Кеченин аягында, Мимоза Жаныбек кызы Финансы-юридикалык коллежинин “Ыраазычылык баракчасы” менен сыйланды. Бул иш-чара ФЮКтун студенти И.Эгемназаровдун демилгеси менен экинчи ирет өтүлдү.