ФЮКнин кафедраларынын предметтик жана илимий ийримдеринин жарманкеси

2019-05-24 15:31:09 377

2019-жылдын 23-май күнү ОшМУда предметтик жана илимий ийримдердин жарманкеси уюштурулуп, ага Финансы –юридикалык коллежинин кафедраларында инсанды өнүктүрүүгө багытталган зээндүү студенттер менен иштеп жаткан “Радикал”, “Жаш Бухгалтер”, “Мен финансист”, “Мен банкир”, “Көркөм окуу”, “Жаш товаровед” ж. б. аталыштагы ийримдери катышышты. Жарманкеде, жыл ичинде аткарылган иш-аракеттеринин жыйынтыгын камтыган эмгектерин, жеңишке жеткен студенттердин ардак грамоталарын, дипломдорун, жасалган макеттердин жана изилдөө жүргүзүп жаткан обьектилердин үлгүлөрүн көрсөтмөгө коюшту. Кружок текчесине коюлган студенттердин эмгектери жарманкенин катышуучуларынын кызыгуусун жаратты ОшМУнун ректору, профессор К. Исаков ийримдин катышуучулары менен баарлашып өзүнүн жылуу пикирин айтты жана мындай жакшы идеяларды ишке ашыруу учурдун талабы экендигин баса белгиледи. Жыйынтыгында, теориялык билимдерди практика менен айкалыштырып, анын жыйынтыгын кайтарым байланыш аркылуу чагылдыруу, иш-аракеттин максаты, компетенциялар, күтүлүүчү натыйжа жана жыйынтыктын бир системада иштелип чыгуусу ийримдин негизги максаты экендигин далилдеп, мындан ары кафедраларда мындай багыттагы иштерди жандандыруу башкы максат катары коюлду.