2-сентябрда Финансы-юридикалык коллежинде

2019-09-09 10:29:54 284

2-сентябрда Финансы-юридикалык коллежинде "Билим" күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анда ФЮКнин директору, п.и.к., доцент Акматова Тамара Мусакановна студенттерди билимге аттанган күнү менен куттуктап, мындан аркы жолуна ийгиликтерди каалап кетти. Мындан сырткары, 1-курска кабыл алынган студенттерди да кызуу куттуктап, колледж тууралуу азын оолак маалымат берип өттү. Салтанатка ОшМУнун кадрлар башкармалыгынын башчысы Турдубаева Гүлсара Турдубаевна катышып, ректордун кайрылуусун окуп өттү.