ФЮКтагы китеп көргөзмөсү

2019-09-14 10:35:13 243

2019-жылдын 2-сентябрь күнү финансы-юридикалык коллежинде Билим күнүнө карата китеп көргөзмөсү өткөрүлдү. Көргөзмөдө ФЮКтун профессордук-окутуучулук курамынын жазган эмгектери жана китепканага жаңы келген китептер коюлду. Көргөзмөнүн максаты – финансы-юридикалык коллежине быйыл тапшырган студенттерди, ата-энелерди китепкана менен жакындан тааныштыруу. Ошону менен бирге китепкана жамааты жалпы коллеждин профессордук-окутуучулук курамын жана студенттерди Билим майрамы менен куттуктаган баннер илишти. Көргөзмө жалпы Билим күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттын катышуучулары тарабынан жактырылды