“Маданияттуу болуунун мааниси эмнеде ”

2014-11-12 16:43:02 279

Финансы юридикалык коллежинде ОшМУнун 75 жылдыгына арналган “Маданияттуу болуунун мааниси эмнеде ” деп аталган иш-чара болуп өттү ОшМУнун 75 жылдыгына арналган Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы тарабынан уюштурулган иш-чарага ФЮКтун директору педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Акматова Тамара Акматовна, ЭлТРдин кызматкери, журналист Алымжан. Молорбаев, ОГПИнин билим берүү менежменти факультетинин деканы, биология илимдеринин кандидаты, профессор Гүлсара Омуралиева, ОшМУнун искуство факултетинин мугалими Манас Кожомжаров, Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасынын окутуучулары ошондой эле ФЮКтун 3- курсунун студенттери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан маданияттулук жөнүндө доклад окулуп, комузда күү чертүү, кыргыз бийи, театралдык көрсөтүүлөр орун алды. Жогоруда аты аталган коноктор студенттерге маданияттуу болуунун мааниси жөнүндө кеп куруп, таалим тарбия беришти. Студенттер келген конокторго суроолорду берип канааттандыраарлык жооптор алынды. Маданияттуу болуунун мааниси эмнеде деп аталган иш-чара студенттердин коомдо өзүн туура, маданияттуу алып жүрүүсүн шарттады. Иш-чаранын соңунда кечеге жигердүү катышкан студенттерге ардак грамоталар тапшырылды. Кеченин уюштуруучусу Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасынын окутуучусу Г. Закирбаева келген конокторго жана жалпы студенттерге ыраазылчылык билдирди.