Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган “Улут өзөгү - тил” аттуу адабий музыкалык кече

2019-09-21 14:29:55 232

Бүгүн 2019-жылдын 18-сентябрында ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин коллежинде ФЮКтун ЖББДнин тилдер кафедрасынын окутуучулары Бекмуратова Рахат, Жунусова Кыздархан, Пазиева Аида эжекелерибиздин жетекчилиги менен Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган “Улут өзөгү - тил” аттуу адабий музыкалык кече жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Анда ДТжМФнин деканы доцент С.Калыгулова баш болгон окутуучулар жамааты жана коллеждин окутуучулары катышышты ошондой эле таланттуу студенттер өздөрүнүн өнөрлөрүн, мамлекеттик тилге болгон кызыгууларын көрсөтүштү. Активдүү катышкан студенттер диплом менен сыйланышты.