2019-09-24 13:59:23 238

2019-жылдын 19-сентябрында финансы-юридикалык коллежинде ЖББДнин тилдер кафедрасы мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата “Тил –мамлекеттин күзгүсү” аттуу адабий-музыкалуу кече өткөрдү. Кечеде студенттерди мекенчилдикке үндөгөн Мекен темасындагы обондуу ырлар ырдалып, улуттук бийлер бийленди. Ошону менен бирге кыргыз элинин дөөлөттөрү болгон макал-лакап айтышы болуп, “Манас”, “Курманбек” эпосторунан үзүндү айтылды. Этнографиялык жана китеп көргөзмөсү уюштурулду. Кечени ЭлТР телеканалынын тележурналисттери тартып, кафедра башчысы доцент Б.Абдувалиева жана улук окутуучу Г.Төлөновадан мамлекеттик тилдин келечеги тууралуу интервью алышты. Кечени уюштуруучулар – улук окутуучу Г.Төлөнова жана окутуучулар – Р.Бекмуратова, З.Апышова