“Энелерден миң кеңеш”

2019-10-25 11:30:18 307

2019-жылдын 16-октябрь күнү Финансы-юридикалык коллежинде, “Финансы жана банк иши” кафедрасынын окутуучусу, директордун илимий иштер боюнча орун басары, Г.К. Тойчубекованын уюштуруусу менен БДК-1-17 тайпасынын студенттеринин жана ата-энелердин катышуусунунда “Энелерден миң кеңеш”- атуу иш-чара болуп өттү. Иш чаранын ачып берүүдө, ФЮКтун деканы доцент Т. Акматова, мындай иш-чаралардын алгачкылардан болуп уюштурулп жаткандыгын баса белгиледи жана ийгилик каалады. Иш-чаранын алкагында, тайпанын студенттеринин ата-энелери модератор тарабынан даярдалган кызыктуу жана олуттуу суроолорго чын дилинен жооп беришти жана талкуу абдан кызыктуу болду. Ал эми кеченин кульминациясы болгон, “Өз апаңды тап” бөлүгүндө катышуучулар жана көрүүчүлөр аргасыздан көздөрүнө жаш алышты. Жалпысынан алганда иш-чара көрүүчүлөргө абдан кызыктуу, маанилүү жана пайдалуу болгондугун баса белгилеп көрсөтүштү.