Финансы-юридикалык коллеж

2014-11-27 15:17:44 270

ФЮК да 21-ноябрь күнү «Финансы жана банк иши» кафедрасынын окутуучусу Тойчубекова Гулдананын уюштуруусу менен ФКК-11-1-14 тайпасынын студенттеринин жана алардын ата-энелеринин катышуусу менен Ата – энелер жыйыны болуп өттү. Жыйынды алгач ФЮКтун директору ,доцент Акматова Танавар ачып, ата-энелер жыйыны, студенттердин ,ата-энелердин жана окутуучулардын ортосундагы байланышты чыңдоонун бирден-бир жолу экендигин ,студенттердин окууда,коомдук тарбиялык иштерде активдүү болуп,ийгиликтерди жарата тургандыгына түрткү бере тургандыгын жана ар бир студенттин жетишкендиктерин билүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлө тургандыгын баса белгилеп кетти. Келген конокторго студенттердин жетишкендиктери, окутулуп жаткан адистик предметтер боюнча, алардын милдеттери жана аларга коюлган талаптардын аткарылуусу жөнүндө «Финансы жана банк иши »кафедрасынын башчысы,ага окутуучу Асилбек к Жыпара кенен токтолду.