Т. Касымбековдун «Сынган кылыч» романы. Нүзүптүн өлүмү.

2019-12-13 09:47:51 274

2019-жылдын 9-декабрь күнү ФЮКтун ЖББДнин тилдер кафедрасынын окутуучусу Бекмуратова Рахат ФКК-2-19 тайпасына кыргыз адабияты предметинен ачык сабак өттү. Алгач сабак “Төрт сүрөттөн бир сөз” музжаргычы менен башталып, андан соң сабактын максаттары, күтүлүүчү натыйжалары, баалоо критерийлери талкууланды. Сабакта СОнун авторго суроо, галерея туру, жеке, жупта иштөө усулдары пайдаланылып, Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романындагы Нүзүп бий жана ал жашаган доор жөнүндө кызуу талкуу жүргүзүштү. Ошону менен бирге сабакта ар кандай усулдук материалдар: таратмалар, тарыхый инсандардын сүрөттөрү жана аудиоуктуруу, слайд пайдаланылды. Сабак Кыргызстандын тарыхы, ыйман, кыргыз тили, география предметтери менен байланышты. Сабакка төмөнкү окутуучулар катышышты: Кокчаев Канат, Апышова Замира, Пазиева Аида, Жунусова Кыздаркан, Закирова Айзада.