“Кыргыз элин бүт ааламга тааныткан, Чыңгыз менен биздин Мекен сыймыктуу” аттуу адабий-музыкалуу кече

2019-12-13 09:52:03 266

2019-жылдын 12-декабрь күнү финансы-юридикалык коллежинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Кыргыз элин бүт ааламга тааныткан, Чыңгыз менен биздин Мекен сыймыктуу” аттуу адабий-музыкалуу кече өткөрүлдү. Кечеде элибиздин чыгаан жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан: “Тоолор кулаганда”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” романдарынан Кызкайыптын, Найман-Эненин, Акбаранын монологдору айтылып, “Кызыл алма”, “Биринчи мугалим” повесттеринен үзүндү аткарылды. Жазуучунун чыгармаларына арналган обондуу ырлар: “Махабат дастаны”, “Илиястын ыры” ж.б. ырлар ырдалды. Ошондой эле коллеждин таланттуу студенттеринин кол менен тарткан сүрөттөрү көргөзмөгө коюлуп, анда мыкты сүрөтү үчүн 1-орун ФКК-1-19 тайпасынын студенти Адилбекова Акчолпонго берилди жана коллеждин Ардак грамотасы менен сыйланды. Ошону менен бирге залкар жазуучунун китептери көргөзмөгө коюлду, аны ФЮКтун китепканачылары Адинаева Шаарбан жана Самиева Таштилла эжекелер уюштурушту. Кечени уюштуруучулар – ЖББДнин тилдер кафедрасынын окутуучулары Бекмуратова Рахат жана Апышова Замира.