2019-12-16 14:37:21 280

2019- жылдын 7- декабрында ОшМУнун финансы- юридикалык коллежинин аялдар кеңешинин төрайымы К. Жунусова тарабынан " Дени сак кыздар- биздин келечегибиз" - деген темада кыздардын ден соолугуна кам көрүү учун, СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Ош шаардык төрөт үйүнүн дарыгери, акушер- гинеколог Парманова Айгул Дарибаевнанын катышуусунда кыздарга чогулуш өткөрүлдү. Анда ФЮКтун окуу иштери боюнча директордун орун басары Шарип к. А., окутуучулар Апышова З., Пазиева А., Чынберди кызы А. эжекелерибиз катышышты. Чогулуштун башында ЭБК-1-19 тайпасынын студенттери СПИД боюнча сахналык көрүнүш көрсөтүп беришти.Жыйында студент кыздар өздөрүнүн кызыккан суроолорун беришип, керектүү маалыматтарын алуу менен аяктады.