Финансы-юридикалык коллеж

2014-12-02 16:10:21 293

ФЮКда 2.12.14 күнү ЖББД табият таануу кафедрасы тарабынан "Табият менен таттуу мамиледе болуу" деген темада экология предмети боюнча жыйынтыктоочу сабагы болду. Бул иш чарага ФЮК тун директору, доцент Т.Акматова, Ош МУнун илимий иштери боюнча проректору, профессор Т.Жумабаева, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Маликов Алтынбектер катышышты. Азыркы учурдагы экологиялык проблемалар жөнүндө студенттер дубал гезиттерди чыгарышып, жаратылышта кездешүүчү терс таасирлердин негизинде экологиянын бузулушуна себепкер болгон инсандарды сахналаштырып көрсөтүштү. Бул иш чараны ЖББД табият таануу кафедрасынын башчысы биология илимдеринин кондидаты, доцент Г.Садыкова жана окутуучулар Камбар к.Жыпара, Г.Капарова, Г.Жапаровалар уюштурушту.