Финансы – юридикалык колледжинин “Бухгалтердик эсеп жана салык” кафедрасы январь айындагы иш – планына ылайык тажрыйба алмашуу максатында колледждин деңгээлде 13-январдан 23-январга чейин масстер кластарды уюштурду.

2020-01-25 10:23:32 286

Финансы – юридикалык колледжинин “Бухгалтердик эсеп жана салык” кафедрасы январь айындагы иш – планына ылайык тажрыйба алмашуу максатында колледждин деңгээлде 13-январдан 23-январга чейин масстер кластарды уюштурду. Анда кафедрадагы ар бир окутуучу өзүнүн дисциплинасындагы бир теманыны негизинде буга чейинки сабактарда колдонгон усулдарын көргөзүп беришти. Иш – чара январь айында уюштурулгандыктан ар бир окутуучунун иш – аракетин кеңири талкуулап анализ берилди. Жыйынтыгында кафедранын кезексиз жыйыны уюштурулуп иш-чаранын артыкчылыктары жана кемчиликтери белгиленип аларды жасоо чечимдери кабыл алынды. Масстер класка кафедра башчылар, усулдук кеңештин төрайымы, окутуучулар, методистер катышты.