Финансы-юридикалык коллеж

2014-12-08 09:51:58 282

ФЮК да 5-декабрь күнү Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы тарабынан “Экономикалык адистиктердин коомдогу орду” деген темадагы иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага Ош шаардык салык кызматынын окутуу жана түшүндүрүү секторунун башчысы; Токтосунов Ташмамат, Ош шаардык салык кызматынын башкы инспектору; Абдырай уулу Асылбек, э.и.к., ОшМУнун башкы бухгалтери Тойчиева Бегайым , э.и.к. ОшМУнун башкы экономисти Абдыкеримов Абдыманап, ФЮКтун финансы жана банк иши кафедрасынын кафедра башчысы, Асилбек к. Жыпара, бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасынын окутуучулары жана студенттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө: ЭБК -1-12 тайпасынын студенти Кадырали кызы Гулнара “Экономикадагы экономисттердин орду”, ЭБК-1-12 тайпасынын студенти Туманова Жазгүл «Бүгүнкү студенттердин коомдогу орду», Абдырай уулу Асылбек «Бирдиктүү салык декларациясы боюнча»; ,Токтосунов Ташмамат «КРсындагы салык жана салык салуу саясаты боюнча » Тойчиева Бегайым Ташиевна «бугунку күндө бухгалтердик эсепти жүргүзүдөгү өзгөчөлүктөр» деген аталыштардагы докладдар окулду. Келген коноктор жана студенттер ортосунда суроо-жооп, талкуу жүрдү.