ФЮКта “Студенттерге окуу-өндүрүштүк практика боюнча багыт берүү” деген темада онлайн конференция.

2021-01-13 16:37:49 311

2021-жылдын 12-13-январь күндөрү Финансы-юридикалык колледжинде “Студенттерге окуу-өндүрүштүк практика боюнча багыт берүүчү” онлайн конференция болуп өттү. Конференцияга “УТУКБДКархив”, “Бухгалтердик эсеп жана салык”, “Финансы жана банк иши”, “Табият таануу жана товардык экспертиза” ПЦКларынын 1-курс (11 база) жана 2-курстун (9 база) студенттери катышты. Практикага багыт берүү, ишкана мекемелер менен келишим түзүү (мамиле кат), күндөлүктүн толтурулушу, практиканын өтүү графиги жана отчетторду жасоо боюнча маалыматтар берилди. Конференциянын жүрүшүндө студенттер өз суроолоруна жооп ала алышты. Конференцияны уюштуруучу: колледждин практика жетекчиси Аскаралиев Ш.А.