ФЮКта 2020-жылдын ноябрь айында 1-модулдун жыйынтыгы боюнча студенттерден Анкета жана окутуучулардан суроолорго жооптор алынды

2021-01-18 17:45:34 345

Ж Ы Й Ы Н Т Ы К Окутуучулар үчүн суроолор боюнча 1.Сиз үчүн онлайн модуль алууда кандай көйгөйлөр болду? -Интернет начар тарткан жердеги студенттердин учурунда тапшыра албагандыгы, бирок ошол эле учурда онлайн тест тапшыруу тескерисинче оной болду, себеби , студенттердин ишин текшерүү женил болду; - байланышка чыга албаган студенттерге жеке байланышууга туура келгендиги; -ар бир тайпадан 4-5 тен студент онлайн катыша албай калышы; 2.Ар кандай шарттардан улам (М: интернети жакшы тартпаган студенттер ж.б.) .., байланышка жакшы чыга албаган студенттер үчүн жыйынтык балл чыгарууда кандай ынгайлуу усулдар бар экендигин байкадыныз? -ватсап аркылуу байланыштык; -тесттин жоопторун жана конспектилерди документ кылып ватсаптан жөнөүү ; -байланыш начар болгондуктан, ъз алдынча тапшырма берип жыйынтык баа чыгаруу ынгайлуу; -кошумча сабак уюштуруу; 3.Жыйынтык баа чыгарууда Сиз колдонгон баалоо каражаттары жана модулдан кийинки студенттердин билим денгээлине берген бааныз (төмөн, орто, жогору; же % менен берсениз да болот) -студенттердин билим денгээли орто; 4.Онлайн окутууда кайсы окутуунун формасы Сиз үчүн ынгайлуу болуп жатат? ( ZOOM , gitsi meet , сlassroom, видеосабак, видеочакыруу, ватсап ж.б....) - ZOOM, ватсап эн ынгайлуу болуп жатты, себеби къп студенттер башка онлайн окутууларга кире албай жатышты; - ZOOM, сlassroom, видеосабак; 5.Онлайн окутууда Сиз сунуш кылуучу жаны усулдар: -Тилдер ПЦКсы.: оффлайн сабакта колдонулуучу усулдарды колдонуп жатабыз, сабак баштаарда сөзсүз “Муз жаргыч” стратегиясын колдонуп жатабыз. Интерактивдүү усулдарды : Венндин диаграммасы, синквейн, концептуалдык таблица ж.б. колдонуу ынгайлуу. -зуум, ватсап, видеосабак ж.б. 6.Онлайн окутуу боюнча, окутуунун сапатын жогорулатуу жана окутуудагы айрым көйгөйлөр, алардан чыгуу жолдору боюнча Сиздин ой-пикириниз -бардык окутуучулар бирдей тиркемени пайдаланышса, себеби студенттер ар түрдүү тиркемелер менен кирип бир аз кыйынчылыктар болуп жатат; -ата-энелер менен тыгыз байланышта болууп; -эн натыйжалуу ватсап болуп жатат, себеби ар дайым ватсаптан жеткирүү оной болуп жатат; -окутуучулар үчүн акысыз курстарды, видеосабактарды ж.б. уюштуруу; -сабак учурунда окутуучунун талапка ылайык кийинип отуруусу, отурган орду, студенттерге мамилеси; 7. Онлайн окутуудагы Сиз колдонгон баалоо каражаттары -студенттердин сабакка катышуусуна, тапшырмаларды аткаруусуна, өзгөчөлүгүн белгилөө менен бааланууда; -презентация жасаган, аудио, видео түрүндө тапшырмаларды жөнөткөндөрдү эске алуу, жат жазуу, эссе, учурдук текшерүү иштеринин жыйынтыктарын да эске алуу менен балл чыгардык; -жумушчу программада көрсөтүлгөн баалоо каражаттары колдонулду; -лекциялык материалдардын толук болушу (кайтарым байланыш), семинардык сабакка активдүү катышуусу, СӨАИнин аткарылышы, логикалык жактан күчтүүлүгү, кырдаалдык суроолордон чыгып кетүүсү ж.б. жөндөмдөрүн эске алуу менен жыйынтык балл чыгардык; -күнүмдүгүн ошол күнү эле баалоо, студенттерге стимул берүү; ----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------- Жогорудагы окутуучулардын жана студенттердин берген жоопторун эске алуу менен сунуш кылынды: 1. Онлайн окутууда айрым көйгөйлөрдү эске алуу менен ар бир студент менен жекече байланышты күчөтүү; 2. Онлайн сабак өтүүдө окутуунун бардык ынгайлуу формаларын колдонуу менен параллелдүү түрдө ватсап тиркемесин колдонуу; 3. Айрым пикирлерди эске алып, ар бир окутуучу жеке өзүн алып жүрүү эрежелерин так сакташы жана студенттерге туура, талапка ылайык этияттык менен мамиле жасоосу; 4. Тесттерди, суроолорду түшүнүкүү жана сапаттуу түзүү, адистиктин өзгөчөлүгүн эске алуу менен баалоо каражаттарынын механизмин түзүү. Даярдаган, ФЮКтун окуу-усулдук иштери боюнча директордун орун басары: Райимбердиева Ж.К.