“Окуу жай менен ата-эненин кызматташуусу” аттуу жолугушуу.

2021-02-05 16:06:24 322

04.02.2021 күнү ФЮКта “Финансы жана банк иши” ПЦКнын окутуучулары тарабынан “Финансы (тармактар боюнча)”, “Банк иши” адистиктеринин 1-курсунун ата-энелери менен “Окуу жай менен ата-эненин кызматташуусу” аттуу жолугушуу  болуп өттү. ФЮКтун директору, э.и.к. доцент Н.Исаков, ФБИ ПЦКнын окутуучулары жана 1-курстун тиешелүү кураторлору катышкан жолугушууда  Б.Абдувалиева, Асилбек кызы Ж., Г.Каримова ата-энелер үчүн маанилүү болгон сунуш-пикирлери менен бөлүшсө, А.Маликов AVN, KekBil тиркемелери менен тааныштырды. Ата- энелер ФЮКтун жетекчилигине жана уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.