“Банк системасындагы маркетингдик ишмердүүлүктүн актуалдуулугу” деген темада конок лекция

2021-02-18 14:50:36 302

13.02.2021 күнү 214-аудиторияда Финансы-юридикалык колледжинин Финансы жана банк иши ПЦКнын окутуучусу Абдилайып уулу Өмүрбек БДР-2-18 тайпасынын студенттери үчүн Маркетинг дисциплинасы боюнча Айыл Банк ААКтын Ош шаарындагы филиалынын кредиттик бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Абдыкадыров Албек Абдыкадыровичтин катышуусунда “Банк системасындагы маркетингдик ишмердүүлүктүн актуалдуулугу” деген темада конок лекция уюштурду. Сабак учурунда студенттер иш берүүчү менен интенсивдүү маек куруп, студенттерди кызыктырган суроолоруна толук-кандуу жоопторду алышты. Конок лектордун берген маалыматтары үчүн студенттер жана окутуучу ыраазычылык билдирип, келечекте дагы да активдүү карым-катнашты күчөтүү боюнча пландарды ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишишти.