БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН СЕМИНАР-ТРЕНИНГ

2021-02-24 14:19:24 351

15.02.2021 күнү Финансы юридикалык колледжинин Финансы (тармактар боюнча) жана Банк иши адистиктеринин 3-курсунун студенттерине - бүтүрүүчүлөргө ОшМУнун Карьера борборунун башчысы Маткалыков Азирет Алинин катышуусунда ФЮКтун бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын жооптуу кызматкери, ФБИ ПЦКнын окутуучусу Г.Каримова тарабынан семинар-тренинг уюштурулду. Семинарда “Резюмени туура жазуу”, “Карьералык өсүү” жана “Жумушту туура издөө” боюнча пайдалуу жана кызыктуу маалыматтар айтылып, суроо-жооптор менен коштолду. Уюштуруучуларга ыраазычылыктар жана жакшы каалоолор билдирилди.