“Биз сыймыктанган бүтүрүүчүлөр” деген темада иш чара болуп өттү

2021-04-19 15:31:33 257

2021-жылдын 16-апрель күнү ОшМУнун Финансы – юридикалык колледжинин “Бухгалтердик эсеп жана салык” бөлүмү тарабынан уюштурулган “Биз сыймыктанган бүтүрүүчүлөр” деген темада иш чара болуп өттү. Иш чараны ФЮКтун директору, э.и.к. доцент Исаков Нургазы Жолболдуевич ачып берди. Колледждин бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын жооптуу кызматкери Гулмира Каримова жалпы бүтүрүүчүлөр боюнча маалымат берди. Андан сырткары БЭжС бөлүмүнүн башчысы Исаков Кубаныч Абибиллаевич “Адистиктердин окуу планына киргизилген тандоо дисциплиналары” деген темада доклад окуду. Негизги максаттардын бири бүтүрүүчүлөр менен адистиктердин НБПдагы максаттарын жана тандоо предметтерин талкуулоо жана бекитүү болду. Бүтүрүүчүлөр өз сунуштарын берип, студенттерге каалоо тилектерин жана ой пикирлерин айтышты. Уюштуруучу БЭжС ПЦКсынын бүтүрүүчүлөр боюнча жооптуусу, окутуучу Назгүл Баетова иш чараны жыйынтыктап, бүтүрүүчүлөргө ыраазычылык каттарын тапшырышты. Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу Комбинатында Мамлекеттик Сатып алуулар бөлүмүндө иштеген бүтүрүүчүлөр колледжге 10 даана арча көчөтүн жана 100 даана ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрүн алып келишип жана колледждин багында көчөт отургузуу аземи болуп өттү.