“Кесиптик билим берүүдө инсанга багытталган таалим-тарбия жана аманат мамилелер” аталыштагы илимий иш-чара уюштурулду

2021-04-27 11:10:07 296

2021-жылдын 26-апрель күнү Финансы-юридикалык колледжинде илимий жумалык башталды. Илимий жумалыктын ачылышы БЭжС бөлүмүнө жүктөлүп “ Кесиптик билим берүүдө инсанга багытталган таалим-тарбия жана аманат мамилелер ” аталыштагы илимий иш-чара уюштурулду. Иш-чараны ФЮКтун Окуу иштери боюнча директорунун орун басары А.М. Жороева ачып берди. Илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы ф.м.и.к., доцент Г.М. Анарбаева куттуктоо сөзүн айтуу менен конференциянын жүрүшүнө ийгилик каалады. Пленардык жыйында төмөнкү актуалдуу темадагы докладдар окулду. 1. Доцент Т.Ө. Атантаев “Инсанды ар тараптуу калыптандырууда илимдин орду” 2. Н.Б. Баетова “Азыркы учурдагы орто кесиптик билим берүүдөгү көйгөйлөр жана аны чечүүнүн жолдору” 3. Ж.К. Райимбердиева “КРсынын өнөр жайынын учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана өнүктүрүү жолдору” 4. А.К. Шерикова “Пандемиянын жаштарга тийгизген таасири” Ал эми экинчи бөлүгүндө 3-апрель Бухгалтерлердин кесиптик күнүнө карата 080110 “Экономика жана бухгалтердик эсеп” адистигинин 2-курстарынын арасында “Заманбап бухгалтерлер” аталышындагы конкурс болуп 7 тайпанын командалары ат салышышты. 4 программадан турган конкурска тайпалар кураторлору менен жогорку деңгээлде даярданып келишкен. Жыйынтыгында “Бухгалтер +”, “Мега бухгалтер”, “Актив”, “Аудит” командалары активдүүлүгү үчүн сыйланса “Авизо” 3-орун 500с. “Баланс” 2-орун 700с. “Ганадорес” командасы 1-орун 1000сом акчалай сыйлыктар жана ардак граммоталар менен сыйланышты. Илимий жумалыктын ачылышы БЭжС бөлүмү тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы катышуучулар тарабынан белгиленди.