"Кыргызстандын түштүк аймагындагы миграциянын социалдык-экономикалык таасирлери" аттуу илимий иш-чара болуп өттү

2021-05-04 16:38:48 284

2021-жылдын 29-апрель күнү Финансы-юридикалык коллежинде уюштурулуп жаткан илимий жумалыктын алкагында “Финансы жана банк иши" ПЦКсынын окутуучулары тарабынан "Кыргызстандын түштүк аймагындагы миграциянын социалдык-экономикалык таасирлери" аттуу илимий иш-чара болуп өттү. Иш-чараны ПЦКнын илимий иштер боюнча жооптуу окутуучусу Г.Тойчубекова алып барды. Бул илимий майрам күнү илимий иштер боюнча жооптуу окутуучу Г.Тойчубекова Финансы жана банк иши ПЦКнын илимий темасы боюнча соңку 5 жылда аткарылган иштердин мазмуну туурасында кеңири баяндама жасады. Ал эми окутуучулар Г.Каримова, Т.Сооронбек кызы доклад менен чыгышты. Иш-чаранын жүрүшүндө бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мигранттардан алынган видео роликтер көрсөтүлдү. Ошондой эле иш-чарага конок катары чакырылган жеке ишкер Медет Макенов өзүнүн мигрант болуп жүргөн мезгилдеги башынан өткөргөн окуялар менен бөлүштү. Окутуучулар жана студенттер кызыккан суроолорун беришип натыйжалуу жоопторун алышты. Семинардын аягында уюштуруучуларга ыраазычылык билдирилди. Иш-чаранын соңунда илимий иштер боюнча жетишкен ийгиликтерин эске алуу менен ФЮКтун жетекчилиги окутуучу Г.Тойчубекованы Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлады.