Кесипке багыт берүү иштери боюнча "ТТжТЭ" ПЦКсы

2021-05-06 14:18:58 270

2021-жылдын 29- апрелинде Табият таануу жана товардык экспертиза ПЦКнын мүчөлөрү Эргешбаева Айчүрөк, Эргешова Джамиля, Капарова Гулзат, Сыдык кызы Ыкыбал, Кудайберди кызы Зейнегүл Кесипке багыт берүү иштерин Өзгөн районунун Төрт- Көл айыл өкмөтүнүн төмөнкү мектептеринде жүргүзүп келишти. №87 Караханид лицейи, №6 Т. Асранов ат. о.м. , №35 О. Жусупбеков ат. о.т, №57 А. Өмүрзаков ат. о.м. , жана №58 Маматжанов ат. орто мектептерине Кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүп, ар бир 9-11-классынын окуучуларына жолугуп, кесипти туура тандоо жана ФЮКтагы адистиктер боюнча видеолор слайддар корсотулуп, толук маалыматтар берилди. Окуучулардын адистиктер боюнча кызыгуусу жогору болуп, көптөгөн кызыккан суроолоруна окутуучулар тарабынан жооп алышты.