Кесипке багыт берүү иштери

2021-05-14 13:58:47 320

2021-жылдын 6-7 майында Табият таануу жана товардык экспертиза ПЦКнын мүчөсү лаборант (окутуучу) Сыдык кызы Ыкыбал Кесипке багыт берүү иштерин Чоң-Алай районунун төмөнкү мектептерине жүргүзүп келди. “Дароот-коргон” айылынын Алайчы уулу Саит атындагы иновациялык, жана А.Мурзакулов атындагы ошондой эле, “Жаштилек” айылынын З. Каримбеков, “Чак” айылынын Көк- Суу, “Жарбашы” айлынын Н. Кармышев, “Кызыл-Эшме ” айылынын Ы. Келдибек атындагы орто мектептерине Кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүп, ар бир 9-11-классынын окуучуларына жолугуп, кесипти туура тандоосу боюнча кеңештер берилди. ФЮКтагы адистиктер боюнча видеолор слайддар корсотулуп, толук маалыматтар берилип, окуучулар тарабынан коптогон суроолор берилди. Окуучулардын адистиктер боюнча кызыгуусу жогору болуп, суроолоруна жооп алышып, ой пикирлерин айтышты.