"Бан иши" адистигинде окуп жаткан студенттерди көзөмөлдөө

2021-05-18 13:22:22 347

Финансы –юридикалык коллежинин окуу планына ылайык Ош областынын Араван районунда квалификациялык практика сын өтөп жаткан студенттерге консультация иштерин жүргүзүү боюнча «Финансы жана банк иши» ПЦКсынын окутуучусу Г.К. Тойчубекованын эсеп кысабы 12- май 2021-жыл Компаньон, РСК, Бака жана Азия банктарында өздөрүнүн квалификациялык практикасын өтөп жаткан студенттер менен жолугуп, алардын кызыккан суроолоруна жооп бердим ошону менен бирге эле студенттерге бөлүнгөн жооптуу кызматкерлерге жолугуп, студенттердин кесиптик компетенциялары тууралуу баарлаштым. Тиешелүү жооптуу кызматкерлердин айтуусунда «Банк иши» адистигинде окуп жаткан студенттердин, банк сферасына болгон кызыгуусу абдан жогору экендигин белгилешти жана маалыматтык технологиялар менен көбүрөөк иштөө сунушун берди. 14- май 2021-жыл Араван райондук Салык инспекциясында жана Араван райондук акимчилигинде практикада жүргөн студенттер менен жолугушканда, практика күндөлүгүндөгү берилген тапшырмаларды талкуулап, ал боюнча студенттерге кошумча түшүндүрүү иштерин жүргүздүм. Практикадагы студенттерде мамлекеттик ишканалардын кардарлары ар түрдүү болгондуктан алар менен иш алып барууда кыйынчылыктар болгонун айтып беришти. Бул боюнча, тиешелүү жооптуу болгон адистер менен жолугушуп, маселени жеринен талкуулап, студенттер берген суроолорго жооптор бердим. Акырында алардын ишине ийгиликтер кааладым. Тойчубекова Г.К.