Кесипке багыт берүү иштери

2021-05-19 14:57:18 354

ФМИ циклынын окутуучулары Кесипке багыт берүү иштерин Өзгөн районунун төмөнкү мектептеринде жүргүзүп келишти. 2021-жылдын 11- апрель күнү Ыманов У., Шарип к А., Бекиева М., Мурзабекова А., Пазилидин к У. Өзгөн р. Жазы а.ө. Кызыл-Дыйкан а. №1 Ж. Абдрасулов атындагы орто мектеби, Жазы а.ө. Жазы а., №52 А. Абдукеримов атындагы орто мектеби , Жазы а.ө. Жээренчи а. № 11 Ж. Мойдунов атындагы орто мектеби, Жазы а.ө. Кара-Дыйкан а. №7 Т. Ташматов атындагы орто мектептеринде. Ал эми 12- апрель күнү Ыманов У., Бекиева М., Пазилидин к У. Өзгөн р. Жылалды а.ө. Калта а. №7 А. Абжапаров атындагы орто мектеби, Жылалды а.ө. Прогресс а. №93 Т.Орозов атындагы орто мектеби, Жылалды а.ө. Красный Маяк а. №42 А. Төрөгелдиев атындагы орто мектеби, Жылалды а.ө. Жылалды а. №8 Жылалды орто мектептеринде. 14-апрель күнү ХБК к.р. Салиева көч. А.Барпы атындагы орто мектеби., Озгур айылы С.Алымкулов атындагы орто мектептеринде кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүштү. Кесипке багыт берүү иштеринин алкагында ар бир мектептин 9-11-классынын окуучулары менен жоолугуп, бүтүрүүчүлөрдүн кесип тандоосунда эмнелер эске алынуусу керек экендиги жөнүндө кеңештер берилди. Жолугушууда ФЮКтагы адистиктер, окуу акылары, студенттерге берилген жеңилдиктер, бүткөндөн кийин кайсыл жерлерде иштээри жөнүндө маалыматтар берилди. Андан тышкары ОшМУ жөнүндө да маалымат берилип, андагы адистиктер, студенттерге каралган шарттар, университеттин эл аралык байланыштары ж.б. маалыматтар айтылды.