Кесипке багыт берүү иштери

2021-05-21 16:33:52 375

Финансы жана банк иши ПЦКнын окутуучулары Өзгөн районуна караштуу мектептерде кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүп келишти. Атап айтсак, 2021-жылдын 6-май күнү окутуучулар Г.Тойчубекова, Т.Асилбекова, Ш.Аскаралиев, Н.Советбек кызы Чангет айылдык аймагынын Үч-Тапкыр айылындагы №61 И.Жумабаев, Чоку-Бий айылындагы №39 Ленин атындагы орто мектептерде бүтүрүүчү класстын окуучулары менен жолугуп келишсе, 11-май күнү окутуучулар Г.Каримова, Д.Алиева, М.Калбекова, А.Маликов, Ч.Муратова, Т.Сооронбек кызы Дөң-Булак айылдык аймагынын Чымбай айылындагы №54 Т.Сарыков, Бөксө-Жол айылындагы №60 Төлөнбаев, Жазыбек-Казы айылындагы №67 С.Титов, Өзгөрүш айылындагы №45 Бахмал жана Ийри-Суу айылдык аймагынын Ийри-Суу айылындагы №10 К.Ботояров, №58 Ж.Маматжанов, Кыргызстан айылындагы №59 Үсөн уулу Жаныш атындагы орто мектептеринде тиешелүү жетекчилер жана бүтүрүүчүлөр менен жолугуп, кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүп келишти. Жолугушуу учурунда ФЮК жана ФБИ ПЦКсы тейлеген адистиктер тууралуу бүтүрүүчүлөр кызыккан ар түрдүү суроолоруна канааттандырарлык жооп жана адистиктер боюнча таркатма материалдарды алышты.