Ата-энелер менен кызматташуу - учур талабы

2021-06-04 15:52:19 388

2021-жылдын 22-май күнү Финансы-юридикалык коллежинин “Финансы жана банк иши” ПЦКсы тарабынан “Ата-энелер менен кызматташуу - учур талабы” аттуу жолугушуу уюштурулду. Жолугушууну ФЮКтун директору Н.Ж.Исаков ачып, студенттерге билим берүүдө ата-энелердин ролу чоң мааниге ээ экендигин баса белгилеп сөз сүйлөдү. Бүгүнкү күндө окуу жайыбызда студенттердин татыктуу билим алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча тынымсыз жумуштар жүрүп жаткандыгына токтолду. Андан соң “Бухгалтердик эсеп жана салык” ПЦКнын окутуучусу, доцент Т.Атантаев жаштарды тарбиялоого багытталган доклады менен кеңири баяндама жасады. Ошондой эле, “Финансы жана банк иши” ПЦКсынын окутуучусу, доцент Ж.Асилбек кызы окуу жай, ата-энелер жана студенттер баары бир багытта иштешүүсү керектиги учурдун талабы болуп жаткандыгын белгилеп өттү. Мындан сырткары, жолугушууга келген ата-энелерге сөз берилип, алардын учурдагы окуу процессин жакшыртуу боюнча берген сунуш-пикирлери талкууланды жана анкеталар алынды. Окууда жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн студенттердин ата-энелерине окуу-жай тарабынан ыраазычылык каттар тартууланды. Иш-чараны жыйынтыктоо сөзү менен бөлүм башчы О.Э.Абдрахманов келген ата-энелерге, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, ыймандуу жана билимдүү адистерди даярдап чыгарууда чыгармачылык ийгиликтерди каалоо менен бирге кесиптештерин чын ыкластан иштөөгө чакырды.