''Документ жана анын функциялары'' деген темада ачык сабак өтүлдү.

2021-10-19 16:05:36 208

ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин "Башкарууну документациялык камсыздоо, архив жүргүзүү жана коомдук илимдер" циклынын окутуучусу Рыскулова Кадича Рыскуловна ДАс-9-1-19 тайпасына документ таануу дисциплинасынан "Документ жана анын функциялары" деген темада ачык сабак өттү Лекциялык сабак окутуунун жаңы усулдардын пайдалануу менен өтүлдү. Сабактын соңунда Чыналиева Мубарак Иманбаевна жетектеген окутуучулар курамы ачык сабактын жүрүшүн талкуулашып, сабакка анализ беришти жана сунуштарын айтышты. Окутуучу Рыскулова Кадича Рыскуловнанын иштерине ийгиликтерди каалайбыз.