Тема: Финансылык сабаттуулук тренинги

2021-10-25 14:53:05 396

2021-жылдын 18-22- октябрь күндөрү иш берүүчүлөрдү окуу процессине тартуу максатында, Финка банкынын кызматкерлери жана ФЮКтун Финансы жана банк иши ПЦКсы тарабынан бүтүрүүчү курстун студенттерине ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК аттуу семинар-тренинг болуп өттү. Тренингге, Финансы тармактар боюнча жана банк иши адистигинин студенттери тартылып, аларга акча каражаттарын башкаруу, депозиттик операциялар, аманаттарды ишенимдүү сактоо жана акча операциялары боюнча отчеттуулук боюнча банк сферасында практикаланган маалыматтар берилди жана кызыктуу талкуу уюштурушту. Банк кызматкерлери тарабынан сунушталган ФИНКА-ДАН тиркемеси менен иштөө студенттердин кызыгуусун арттырды жана бүтүрүүчүлөр өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Жыйынтыгында, тренинг кызыктуу өттү жана Көз Карандысыз Аккредитациянын талаптарынын бири болгон иш берүүчүлөр менен тыгыз иш алып баруу жана окуу процессине стейкхолдерлерди тартуу боюнча иштер окуу жылынын башында ишке ашып баштады.