Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы

2015-03-19 17:34:29 294

Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы Бүгүн 19-мартта ФЮКтун Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы 2015-жылдын 5-январынан 14-февралга чейин окуу-таанышуу практикасын өтөгөн 2-курстун “Экономика жана бухгалтердик эсеп”, “Салык жана салык салуу” адистиктеринин студенттери үчүн жыйынтыктоочу конференциясын өткөрдү. Конференцияны ФЮКтун директору п.и.к. доцент Т.А. Акматова ачып берди. Кафедранын практика боюнча жооптуу окутуучусу Б. Файзуллаев 2014-2015 окуу жылындагы окуу-таанышуу практикасын өтөп келген студенттер жөнүндө толук маалымат берип өттү. Ошондой эле ННК11-1-14 тайпасынын студенттери Нурланбек уулу Таалай жана Оролбек уулу Орозалы Жалал-абад облусунун Чаткал районунун салык башкармалыгында практика өтөгөндүктөрүн айтып, практика учурунда ээ болгон көндүмдөрү боюнча жалпы студенттерге маалымат беришти. Кафедранын окутуучусу Н. Баетова да сөз алып студенттерге ийгилик каалады. Кафедра башчысы К. Исаков окуу-таанышуу практикасын уюштурууда коюлган бир канча кемчиликтерди жана иш жүзүнө ашырылган бир топ жетишкендиктерди айтып өттү. Конференция соңунда кафедра тарабынан түзүлгөн атайын анкета студенттерге берилип толтурулду. Анкетанын жыйынтыгы мындан кийинки окуу-таанышуу жана квалификациялык практикаларды жогорку денгээлде уюштурууга кызмат кылат.