ФЮКта ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖИГЕРДҮҮ КЫЗМАТТАШУУ УЛАНУУДА...

2021-12-08 15:43:50 413

ФЮКта ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖИГЕРДҮҮ КЫЗМАТТАШУУ УЛАНУУДА... 2021-жылдын 6-декабрь күнү саат 10:00до 213-окуу залында, Кыргызстан коммерциялык банкынын кызматкерлери менен “Финансы (тармактар боюнча)”, “Банк иши”, “Экономика жана бухгалтердик эсеп” адистигинин 2-3-курстун студенттеринин жолугушуусу болду. Жолугушуунун максатына ылайык аталган банктын корпоративдик бизнес боюнча менеджери Джунусова Заира Орозмаматовна ишкана боюнча жалпы маалымат берип, анын ичинен “Мобилдик банкинг”, “Интернет банкинг” тиркемелери аркылуу контракттык төлөмдөрдү төлөө жолдорун жана VISA карталарын колдонуу боюнча маалымат берди. Мындан сырткары банкка студенттерди окуу убактысынан сырткары мезгилде ийкемдүү графиктеги маяна төлөө аркылуу жумуш менен камсыздоо мүмкүндүгүн сунушташты. Мындай сунуш студенттерди кызыктырып, алардын тынымсыз берген суроолоруна банк кызматкерлери жооп берүү менен бирге банк менеджери менен жеке байланышуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгилешти. Ошону менен бирге, “Консультант” кызмат ордуна жайгашууга “Резюме” жана паспорт копияларын тапшыруу тууралуу маалымат алышты. Жыйынтыгында окуу жай менен Кыргызстан коммерциялык банкынын студенттерди иш менен камсыздоо багытындагы кызматташтыгы жемиштүү болооруна ишенимдүү экендигин уюштуруучулар, “Финансы жана банк иши” ПЦКсынын төрайымы, э.и.к. Г.К. Тойчубекова жана “Бухгалтердик эсеп жана салык салуу” бөлүмүнүн башчысы Б.Файзуллаев банктын кызматкерлерине кубануу менен билдиришти. Бул боюнча банктын өкүлдөрү банктын стратегиялык максаттарында окуу жайлардагы коммуникативдүү жана креативдүү сапаттарга ээ болгон студенттерди жумушка тартуу иштери активдешип бара тургандыгын баса белгилешип, уюштуруучулардын пикирине кошула тургандыгын баса белгилешти.