СПИД ,ВИЧке каршы акциялар

2021-12-10 21:21:55 176

1-декабрь куну бүткүл Кыргызстан боюнча СПИД,ВИЧке каршы акциялар жер жерлерде өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу,Финансы-юридикалык колледжинин 1,3-курстарынын студенттерин окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Шарип кызы Акибаткан,аялдар кенешинин төрайымы Баетова Назгуль ,бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасынын окутуучусу Сулайманкулова Жылдыз жана тайпаныны кураторлору куратордук тайпалары менен ОшМУнун башкы имаратынын артындагы Алымбек Датка атындагы аянтчада болгон акцияга катышып келишти.Ал акцияда баарыбызга белгилуу болгондой СПИД,ВИЧ оруулары боюнча адистер тарабынан маалыматтар кеңири айтылды. Көчмө автолордо анализ тапшырышты. Жагымдуу ырлар ырдалды. Адистер тарабынан студенттерге суроолор берилип, жооп бергендерге белектер тапшырылды.