Көз карандысыз аккредитацияга даярдык.

2021-12-22 10:10:09 211

Финансы-юридикалык колледжинде 2021-жылдын 21-декабрь күнү кезектеги аккредитацияга даярдык көрүү боюнча эркин форматтагы семинар болуп өттү. Семинарды ФжБИ ПЦКнын окутуучусу, “Эл баасы” аккредитациялык агенттигинин директорунун орун басары, э.и.к., Асилбек к Жыпар өткөрдү. Семинарда программалык аккредитацияга тиешелүү укуктук-нормативдик актылар, жумушчу топторду түзүү, өздүк баалоонун отчетунун структурасы, адистиктердеги окутуунун натыйжалары менен дисциплиналардын өз ара байланыштары, SWOT талдоолор боюнча айтылды. Семинардын жүрүшүндө суроолор болуп, эксперт тарабынан жооптор алынды. Семинарга ФЮКтун бөлүм башчылары, ПЦК төрага, төрайымдары, программа башчылары жана окутуучулар катышышты.