Ош ШИИБнын убактулуу кармоочу жайы

2021-12-27 15:23:04 308

2021-жылдын 22-24-декабрь күндөрү Укук таануу жана укук коргоо иши адистиктеринин УКК11-1-20, ЮРс-1-20 тайпалары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Убактылуу кармоочу жайына Жазык аткаруу предмети боюнча дуалдык сабак өтүү максатында барышты. Убактылуу кармоочу жайынын начальниги Жээнбаев Сагынбек Азимович Убактылуу кармоочу жайдагы камералары, шарттары жана ар кандай себептер боюнча кармалгандар, тиешелүү ченемдик- укуктук актыларга токтолуп, сабак өтүп берди. Ош шаарынын прокуратура бөлүмүнүн улук прокурору Раимкулова Айым Токтогуловна УКК-1-20 тайпасына өзүнүн кесиптик жумушу, тажрыйбасы боюнча кеңеш берип баарлашты жана Юристтин кесиптик этикасы тууралуу баалуу маалыматтарды айтып берди. Бул иш-чаралар Укук таануу жана укук коргоо иши ПЦКнын окутуучусу Ибрагимова Махаббат тарабынан өткөрүлдү.