ОАО "Бакай Банк" кызматкерлери ФЮКтун студенттерине тестирлөө жүргүзүштү

2022-01-21 15:28:19 316

2022-жылдын 20-январь күнү ОАО "Бакай Банк" ИФЦнын директору Айбашова Кайыргүл Чапкыновна жана финансылык бөлүмдүн башчысы Исламидин уулу Мирлан келип, стажировкадан өткөрүү менен жумушка алуу максатында “Финансы (тармактар боюнча)”, “Банк иши”, “Экономика бухгалтердик эсеп” жана “Салык жана салык салуу” адистиктеринин 3-курсунун студенттеринен тест алып кетишти. I турдун жыйынтыгы менен 55 студенттен 21 студент II турга өттү. Ал студенттерди 21-январь күнү Бакай Банктын иш кеңсесине чакырышты.