ФЮКта кесиптик квалификацияны жогорулатуу курсу өтүүдө.

2022-02-03 17:31:51 245

Финансы-юридикалык колледжинин жылдык иш планындагы кесиптик квалификацияны өркүндөтүү иш-чарасына ылайык ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институту менен биргеликте экономика багытындагы 25 окутуучу катышкан “ Кыргыз Республикасындагы каржы, банк, салык тармактарынын азыркы абалы, жаңы өзгөрүүлөр жана өнүгүү этаптары” деген темадагы семинар-тренинг башталды. Семинардын тренерлери ар түрдүү багыттагы иш берүүчүлөрдөн түзүлүп, кызыктуу өтүүдө . Тренерлер: 1. Айбашева Кайыргүл Чапкыновна Бакай банктын Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси; 2. Жолдошов Нурлан Козубаевич КРнын Финансы министрлигинин Ош каржы башкармалыгынын кирешелер жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы; Абдрай уулу Асылбек Ош шаардык салык кызматынын окутуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү секторунун башчысы.